Улуттук музейде «графика жана скульптуралар» залы ачылды

Улуттук музейде «графика жана скульптуралар» залы ачылды

Искусствонун булагы! Казакстанда сүрөттөө өнөрү кандай калыптанды? Бул суроого ата мекендик сүрөтчүлөр өздөрүнүн жаңы көргөзмөсүндө жооп берүүгө аракет кылышты. Өлкөнүн Улуттук музейинде Графика жана скульптура залы ачылды. Эми туруктуу негизде иштеп жаткан жаңы аянтчада жергиликтүү кылкалем чеберлери жеке тандалган чыгармаларын сунушташты. Тематикалык диапазону кенен. Бир аянтчада кайталангыс искусствонун өлкөдө тарай баштагандан берки бүгүнкү заманбап эмгектер камтылган.

Шокан Төлеш, скульптор, Өнөр академиясынын академиги:

- Бул биз көптөн күткөн көргөзмө. Биринчи жолу графика жана скульптура залы ачылды. Графика - тамыры терең байыркы искусство түрү. Байыркы замандан бери петроглифтер, аскага чегилген сүрөттөр болгондугу белгилүү. Бизде графика стилинде иштеген кесипкөй сүрөтчүлөр көп. Бул багытта көптөгөн көркөм чыгармалар жаралган. Жаш таланттар да өсүп келет. Алар бул жакка келип, улуу муундун өкүлдөрүнүн эмгегинен ырахат ала алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков