Казакстан менен АКШ туруктуу түз аба каттам ачууга ниеттенүүдө

Казакстан менен АКШ туруктуу түз аба каттам ачууга ниеттенүүдө

Казакстан эл аралык каттамдардын санын көбөйтөт. Үч жылдан кийин казакстандыктар АКШга транзитсиз түз жете алышат. Бул тууралуу Казакстандын Авиация башкармалыгынын башчысы Питер Гриффитс билдирди. Анын айтымында, трансатлантикалык түз каттамдарды ишке ашыруу үчүн ата мекендик авиакомпаниялар алыскы учуучу учактарды сатып алуулары зарыл. Алардын баасы 100 миллион долларды түзөт.

Питер Гриффитс, Казакстандын авиация башкармалыгынын башкы мүдүрү:

- Биз түз каттамдарды 2024-жылы баштоону мерчемдеп жатабыз. Албетте, бул максатка жетүү үчүн бир нече этап боюнча иштерди жүргүзүү керек. Бул этаптардын бири авиациялык коопсуздук талаптарына жооп берүү, андан кийин АКШнын жарандык авиациясынын федералдык башкармалыгынын учуудагы талаптарына шайкеш келүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, Казакстан учурда катуу карантиндик чектөөлөрдөн кийин кайрадан каттамдардын санын көбөйтүүдө. Өлкөдө 57 ички каттам калыбына келтирилип, 23 мамлекет менен эл аралык байланыш жанданды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков