Касым-Жомарт Токаев Моно шаарларды өнүктүрүүнү сунуштады

Касым-Жомарт Токаев Моно шаарларды өнүктүрүүнү сунуштады

Казакстанда жаңы ипотекалык программа пайда болушу мүмкүн. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев бул маселени аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук долбоордун алкагында аткарууну тапшырды. Мында баштапкы төлөм 10%дан ашпашы керек жана пайыздык чен 2ден 5%га чейин өзгөрүүгө тийиш. Президенттин айтымында, бул жарандарды адистерге муктаж болгон келечеги бар, өсүп келе жаткан шаарларга өз ыктыяры менен көчүүгө түрткү берет. Жалпысынан Казакстанда 89 шаар болсо, анын 30% моно шаарлар. Анда калктын 8% жашайт. Бүгүнкү күндө чакан шаарлар экономиканы өнүктүрүүгө чоң салым кошууда. Бүгүнкү күндө алар өнөр жай өнүмдөрүнүн 40 пайызына жакынын чыгарышат. Касым-Жомарт Токаев шаарлардын экономикасын ар тараптандырып, жаңы жумуш орундарын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Муну менен катар, өкмөткө бардык моно шаарлар үчүн тиешелүү талдоону иштеп чыгууну тапшырды. Ал 2022-жылдын жалган куран айынын 1не чейин аякташы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков