Казакстандын көмүртек бейтараптуулугун камсыз кылуу чаралары

Казакстандын көмүртек бейтараптуулугун камсыз кылуу чаралары

Казакстан 2025-жылга чейин энергиянын кайра жанма булактарын орнотууга 1 триллион теңге инвестиция салат. Бул тууралуу өкмөт жыйынында энергетика министри Магзум Мырзагалиев билдирди. Алдыдагы төрт жылда жалпы кубаттуулугу 1 ГВт болгон 62 долбоорду ишке киргизүү мерчемделүүдө. Анын айтымында, 2025-жылга чейин өлкөнү газдаштыруунун үлүшү 60% болушу керек. Натыйжада 12 миллионго жакын адам жаратылыш газына ээ болот. Буга байланыштуу башкармалыктын башчысы өлкөдө иштеп жаткан ЖЭБдерди комплекстүү түрдө газга өткөрүү боюнча чаралар көрүлгөнүн белгиледи. Маселен, 2022-жылы борбордо эки, 2026-жылга чейин Алматыда үч электр станциясы ишке берилет. Көмүр өндүрүү боюнча алдыңкы технологиялар ишке киргизилет. Негизги максат – өлкөнүн экологиясын коргоо жана абага чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн азайтуу.

Магзум Мырзагалиев, Энергетика министри:

- Жогоруда көрсөтүлгөн пландарды ишке ашыруу электр энергиясын иштеп чыгаруунун структурасында төмөнкүдөй өзгөрүштөргө жетишүүгө мүмкүндүк берет. Биринчиден, көмүр өндүрүүнүн үлүшү 70%дан 40,3%га чейин төмөндөйт. Экинчиден, газ өндүрүү 20%дан 38%га чейин өсөт. Үчүнчүдөн, энергиянын кайра жанма булактарынын үлүшү 3%дан 15%га чейин өсөт. Бул Казакстанга Париж келишими боюнча өз милдеттемелерин аткарууга мүмкүндүк берет жана 2060-жылга чейин мындан ары декарбонизациялоо жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков