Нур-Султанда Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги жыйыны бештин айында өтөт

Нур-Султанда Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги жыйыны бештин айында өтөт

Казакстандын борборунда Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги жыйыны өтөт. Иш-чара бештин айына белгиленген. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди билдирди. Министрдин айтымында, мекемеге кепилдик берүүчү өлкөлөрдөн Астана жараянын кайра уюштуруу өтүнүчү келип түшкөн. Анын конкреттүү качан болоору азырынча белгисиз. Мухтар Тлеуберди мерчемделген диалог вице-министрлердин деңгээлинде өткөрүлөрүн билдирди. Белгилей кетсек, акыркы он алтынчы раунд теке айынын 7-8-күндөрү Нур-Султан шаарында өткөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков