Казакстандын камсыздандыруу тармагы өнүгүүдө

Казакстандын камсыздандыруу тармагы өнүгүүдө

Казакстандыктардын көбү «камсыздандырылууда». Жыл сайын өлкө жарандарынын камсыздандыруу компанияларынын кызматына болгон кызыгуусу өсүүдө. Бул көрсөткүч негизинен камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өсүшү жана аларды баалуу кагаздарга инвестициялоо менен шартталган. Көптөр өздөрүнүн мүлкүн гана эмес, жанын да коргоого аракет кылышат. Мындай келишимдер эки эсеге же 59 миллиард теңгеге көбөйгөн. Жалпысынан Казакстанда 27 уюм бар, анын ичинен 9 компания өмүрдү камсыздандыруу боюнча катталган. Бул уюмдар жыл ичинде 19% өсүп, 1,7 триллион теңгеге жеткен. Ошентип, алардын активдери өсүп жатат. Серепчилердин пикири боюнча, ишкердик активдүүлүктү калыбына келтирүү жана чектөө чараларын жеңилдетүү камсыздандыруу рыногунун өсүшүнө дагы түрткү берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков