Күрүч кластерин өнүктүрүү

Күрүч кластерин өнүктүрүү

Экспортту көбөйтүү жана импорттук өнүмгө суроо-талапты азайтуу. Мындай милдетти Кызылордалык дыйкандар коюп жатышат. Дыйкандар кургакчылык жана суунун тартыштыгынан келип чыккан кыйынчылыктарга карабай быйылкы сезондо 500 миң тонна күрүч жыйнап алышты. Орто эсеп менен гектарынан 60 центнерден түшүм алынды.

Кайратбек Сарсенбаев, Облустук Айыл чарбачылыгы башкарма башчысынын орун басары:

- Быйылкы жылы бул 2 сорт 1156 гектар жерге эгилди. Анда бизде келерки жылга 3 миң тоннага жакын күрүч үрөнү даяр болот деген долбоор бар. Тагыраак айтканда, бул 12 миң гектар. Бул облустагы жалпы күрүчтүн 15% түзөт. Ал эми жакынкы жылдары ошол күрүчтүн үрөнү менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. 2022-жылга чейин аны 50%га чейин көтөрүүгө болот. Эми натыйжалуулугуна карай чарбалар өздөрүнүн тандоолорун жасай алышат.

Өлкөдө күрүч кластерин түзүү жана түшүмдүүлүк көлөмүн жогорулатуу боюнча ири долбоор иштелип чыкты. Натыйжада, Сыр-Дарыянын түндүк аймактарында да күрүчтүн аянты көбөйгөн.

Мухтар Оразбаев, Казалы районунун акими:

- 1991-жылы райондо айыл чарба өнүмдөрү 1,4 миллион теңгени түзсө, өткөн жылы 16 миллиард теңгелик өнүм өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бүгүнкү күндө район боюнча жалпысынан 17 миң гектар жерге эгин, анын ичинен 6560 гектар дан эгини себилген. Мурдагы мезгилге салыштырганда өнүмдүн эгилүүсү жана өндүрүлүшү жогорулаганы байкалат.

Айта кетсек, эгемендүүлүк алгандан бери дыйкандар өлкө кампасына 9 миллион тоннадан ашык күрүч жыйнашкан. Акыркы 15 жылда 260 миллион долларды түзгөн кылкандуу дан эгиндерин экспортко жөнөткөн. Өлкөнүн 80 пайызын күрүч менен камсыз кылган облус мындан ары да ушундай темп менен иштөөгө даяр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков