Отоо чөптөн экобаштык жасоо

Отоо чөптөн экобаштык жасоо

Актау шаарындагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин окуучулары отоо чөптөн био баштык жасашты. Мындай долбоорго Асия Теджен менен Ернар Өмүрзак мектептин айланасындагы чөптөрдү пайдаланышкан. Материалдын сырткы көрүнүшү пастилага окшош жана бир килограммга чейинки салмакка туруштук бере алат. Окуучулар көп сандагы баштыктарды чыгарган аппараттын прототибин дагы иштеп чыгышты. Эми аны менен жаш окумуштуулар массалык рынокко чыгууну көздөшүүдө.

Асия Теджен, Актау шаарындагы Назарбаев Интеллектуалдык мектебинин 11-классынын окуучусу:

- Бир баштыкты жасоого 30 мүнөт кетет. Негизги идея жайында келген, 3-4 айдын ичинде бул долбоорду иштеп чыктык. Азыркы учурда желим абдан актуалдуу жана дагы эле чечиле элек маселе. Биздин полимерибиз тез чирип, 36 жылда такыр карарып, кыртыштын асылдуулугун жогорулатат. Бул полиэтилен буюмдарына мыкты альтернатива болуп саналат. Быйыл кышында патент алууну мерчемдеп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков