Сөөктөн улуттук стилде буюм жасаган чебер

Сөөктөн улуттук стилде буюм жасаган чебер

Жаныбарлардын сөөгүнөн жасалган улуттук стилдеги буюмдар. Караганды облусунун тургуну Жомарт Малик сөөктөн түрдүү шаймандарды, тиричилик буюмдарын, идиш-аяктарды, табактарды жасайт. Буюм жакшы болушу үчүн материалды туура сактоо керек, дейт уста. Сөөктөн тышкары, булгаарыдан, жыгачтан көз жоосун алган кооз буюмдарды да жасайт. Жомарт Маликтин айтымында, жаныбарлардын сөөктөрү эле эмес, мүйүзү, туягы, жада калса тиштери да ишке жарамдуу.

Жомарт Малик, кол өнөр чебери:

- Этти жегенден кийин сөөктөр калат эмеспи. Ошол сөөктөрдү алып келип, бир ирет кайнатам. Ага сода кошуп бир жагынан майын кетирем, бир жагынан жумшартам. Мен көбүнчө далыларын оюп алам. Сөөккө биздин улуттук стилдеги бир канча түрдүү сүрөттөрдү чагылдырам.

Унутуп бара жаткан байыркы кол өнөрчүлүктү даңазалаган Жомарт Малик чеберчилик сабактарын акысыз өткөрүп турат. Бүгүнкү күнгө чейин ал көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Алардын арасында кесипкөйлүк менен алектенип жүргөндөрү да бар.

Акылбек Ерлан, Сарытөбе орто мектебинин окуучусу:

- Жомарт мугалимдин жасаган буюмдарына, кобыздарына, боз үйлөрүнө кызыгып аталган Жаш чебер ийримине келдим. Мындай сөөктөрдөн, жыгачтардан буюмдарды, ал эми мүйүзүнөн балык, скульптураларды жасоого болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков