Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата мунапыс: канча соттолуучу боштондукка чыгат?

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата мунапыс: канча соттолуучу боштондукка чыгат?

Казакстанда 2 200дөн ашык соттолгондорго ырайым берилиши мүмкүн. Мындай маалымат бүгүн парламенттин жыйынында айтылды. Тиешелүү мыйзам долбоорун ички иштер министри Ерлан Тургумбаев сунуштады. Ал мындай чара оор кылмыш жасагандарга тиешелүү эмес экенин эскертти. Долбоордун алкагында 11 310 адамга мунапыс берилет. 1000 адам абактан бошотулат. Камактагы 1294 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылат. Ошондой эле, азыркы сотко чейинки 5 миң кылмыш иши кыскартылат деп күтүлүүдө.

Ерлан Тургумбаев, РКнын Ички иштер министри:

- Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, Ички иштер министрлиги Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Анын максаты – анча оор эмес жана орточо оор кылмыштар үчүн жазадан бошотуу жана айрым оор, өтө оор кылмыштар үчүн жаза мөөнөтүн кыскартуу. Мунапыс ардагерлерге, жашы жете электерге, кары-картаңдарга, биринчи жана экинчи топтогу майыптарга, ошондой эле, коомго коркунуч туудурбаган адамдарга карата колдонулат. Мыйзам долбоору мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер жана серепчилердин катышуусунда талкууланды.

Эске салсак, былтыр Президент Касым-Жомарт Токаев коомду гумандаштыруу максатында мамлекетке жана жарандарга олуттуу коркунуч туудурбаган кылмыштарды жасаган жарандарга мунапыс берүү зарылдыгын билдирген. Өлкө Эгемендүүлүк алгандан бери сегиз мунапыс чарасы берилген. Бүгүнкү күндө өлкөдө 64 түзөтүү мекемеси жана 16 тергөө изоляторунда эркинен ажыратылган 34 миңден ашык адам бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков