EXPO-2020 Dubai

EXPO-2020 Dubai

Дубайдагы ЭКСПО көргөзмөсү башталгандан бери бир айдын ичинде Казакстандын улуттук павильонуна 200 миңден ашуун адам келген. Адамдарды заманбап санариптик чечимдер жана чыгыш архитектурасынын синергиясы кызыктырат. Өзгөчө Түркестандын ыйык жерлерин чагылдырган павильондун курулушунан тарта көчмөндөрдүн дүйнөлүк мураска кошкон салымынын мазмунуна чейин, муну менен катар, жаратылыш ландшафттары менен жердин байлыгы да келгендерди таң калтырууда.

Павильондун дагы бир аянты өлкөнүн инвестициялык дараметин жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт. Стратегиялык мамлекеттик программалар, анын ичинде транзиттик жана транспорттук, эл аралык долбоорлор, инновациялар, санариптештирүү өнүмдөрү сунушталган. Адатта, ЭКСПОго дүйнөнүн булуң-бурчунан ири инвесторлор көп келет.

Даулет Еркимбаев, NK QazExpoCongress АК Башкарма төрагасынын биринчи орун басары:

- Жарым жыл ичинде 30га жакын иш-чара өткөрүлдү. Ага Казакстандан эле эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн да инвесторлор катышты.

Көргөзмөгө 25 миллионго жакын адам келээри күтүлүүдө. Алардын ар бир бешинчиси бизнесмен. Ал эми чет элдик коноктордун үлүшү 70%га жакын. Бул ЭКСПОнун 168 жылдык тарыхында болуп көрбөгөндөй көрсөткүч.

Которгон: Илгиз Жамалбеков