Глобалдык жылуулук окуучулардын көңүл чордонунда

Глобалдык жылуулук окуучулардын көңүл чордонунда

Көмүр кычкыл газынын көлөмүн аныктоочу жана абаны тазалоочу аппарат. Ал нормадан ашып кеткен учурда ашыкча газды автоматтык түрдө зыянсыздандырат. Аппаратты Алматыдагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин окуучусу Богдан Миронов иштеп чыккан. Долбоорду автоматтык желдетүү аппараты деп атаган 9-класстын окуучусу анын ойлоп табуусу глобалдык жылуулуктун кеңири спектрин чече алат деп эсептейт. Жаш окумуштуу өзүнүн аппаратын республикалык илимий долбоорлор сынагында тааныштырды.

Богдан Миронов, Назарбаев Интеллектуалдык мектебинин окуучусу:

- Бул аппараттын жардамы менен кеңсени желдетип, абадагы көмүр кычкыл газынын көп болушунан чарчап-чаалыгуу маселесин чечүүгө болот. Кеңселерибиздин көбүнүн аба алмашуу системасы өтө начар. Айнек көп колдонулган имараттарда вентиляция таптакыр болбойт. Ал эми өндүрүштүк желдетүү жабдуулары кымбат. Бул аппарат көмүр кычкыл газынын көлөмүн аныктоочу атайын эсептегич менен жабдылган. Кеңседеги зыяндуу газдын көлөмү көбөйсө ал автоматтык түрдө абаны тазалап баштайт.

Белгилей кетсек, сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан 300дөн ашуун окуучу катышууда. Алар илимий-техникалык прогресстин экономикага жана экологияга тийгизген таасири, жашыл технологиялар, математикалык моделдөө, өлкөнүн тарыхы жана туризм сыяктуу темалар боюнча ат салышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков