«Экспорттук акселерация-2021» программасы

«Экспорттук акселерация-2021» программасы

Ички экспортко жол ачылды. Казакстанда өнүмдөрү тышкы рынокко чыгарган компаниялар аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги билдирди. Товарлар Орусия, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан жана Кыргызстанга экспорттолот. Тандоо Экспорттук акселерация программасынын алкагында өттү. Ага катышуу үчүн 350дөн ашык компания арыз берген. Натыйжада 101 өндүрүүчү чет элдик керектөөчүлөргө өз өнүмдөрүн жана кызматтарын сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Аларга тамак-аш, жеңил жана химиялык өнөр жай, унаа жасоо, транспорт, билим берүү долбоорлору жана инновациялык, компьютердик жана инженердик кызматтар кирет. Бул жаатта ишканалардын үчтөн бири чакан бизнес категориясына кирет, ал дагы ушунча бөлүгү – орто бизнес. Белгилей кетсек, бул жылы аталган программага өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкерлер катышты. Эми алар окуудан тышкары дараметтүү чет элдик өнөктөштөр менен B2B форматында жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Муну менен программанын бүтүрүүчүлөрү менен иштөө аяктабайт: колдоо чаралары жыл бою уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков