Нур-Султанда «ТЕАТР ALL» фестивалы башталды

Нур-Султанда «ТЕАТР ALL» фестивалы башталды

Драма жана музыкалык театрдын шедеврлери, легендарлуу опера жана балет, ошондой эле, балдар үчүн белгилүү спектаклдер. Борбордун маданий турмушунун тарыхында биринчи жолу «Театр All» фестивалы башталды. Ал жетинин айынын 3нө чейин созулат. Нур-Султан шаарынын театр сахнасында 12 казакстандык жана 2 чет элдик театрдын чыгармачыл жамааттары өнөр көрсөтүшөт. Алар көрүүчүлөрдүн назарына 20 спектакль тартуулашат. Фестивалдын алкагында жалпысынан 30 иш-чара өткөрүлөт. Алардын арасында заманбап көргөзмөлөр, илимий-практикалык конференциялар жана чеберлердин мастер-класстары бар. Фестиваль салтанаттуу түрдө жетинин айынын 1де Калибек Куанышбаев атындагы Казак музыкалык драма театрынын сахнасында «Театр All» алгачкы сыйлыгын тапшыруу менен жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөр 30 номинация боюнча сыйланат. Белгилей кетсек, иш-чара өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулууда.

Лаша Чхартишвили, театр сынчысы / Грузия/:

- Нур-Султан менин сүйүктүү шаарларымдын бири, албетте мен бул жакка көп келбейм, бирок мен дайыма жакшы таасирлер менен кайтам. Бул жерде конок болуу мен үчүн кызыктуу, ал эми борбордун театралдык жашоосуна келсек, Нур-Султан бүгүнкү күндө Казакстандын эле эмес, Борбордук Азиянын да маданий борбору. «Театр all» быйыл биринчи жолу уюштурулуп жатат, кийинки жылы да өткөрүлөт деп ойлойм. Анткени бул уникалдуу долбоор. Бул абдан зарыл жана маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков