ASTANA HUB стартапчылар арасында батл уюштурду

ASTANA HUB стартапчылар арасында батл уюштурду

Ата мекендик жана чет элдик стартапчылар арасындагы чыныгы стартап-батл. Astana Hub мындай мүмкүнчүлүктү Digital Bridge эл аралык инновациялык форумунун алкагында жасады. Бүгүнкү күндө 40ка жакын стартап таймаштын жарым финалына чыкты. Astana Hub башкы мүдүрүнүн айтымында, быйылкы сынакка Казакстандан тышкары Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусиядан 150гө жакын арыз келип түшкөн. Белгилей кетсек, Digital Bridge эл аралык инновациялык форуму IT тармагындагы серепчилерди, ишкерлерди жана илимпоздордун башын бириктирген масштабдуу, салттуу иш-чара болуп саналат.

Магжан Мадиев, Astana Hub башкы мүдүрү:

- Быйыл бул мелдешти кайра жандандырдык. Башкача айтканда, стартапчылардын ортосундагы мамилени жандандыруу үчүн. Ошондой эле, албетте, жаштардын көңүлүн стартапка буруу дагы бар. Бул сынак жаш адистер үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Калыстар тобунун алдында, инвесторлордун алдында сөз сүйлөп, өздөрүн көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк. Астана хаб алкагындагы батл жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Биринчи орунга 10 миң доллар, экинчиге 5 миң доллар жана үчүнчүгө 3 миң доллар ыйгарылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков