Казакстанда мобилдик интернеттин ылдамдыгы артты

Казакстанда мобилдик интернеттин ылдамдыгы артты

Казакстанда мобилдик интернеттин ылдамдыгы 63% өстү. Бир жылдын ичинде өлкө дүйнөлүк рейтингде 21 тепкичке көтөрүлүп, 80-орунга чыкты. Finprom.kz порталынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Казакстан интернет ылдамдыгы боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында лидер болуп саналат. Маселен, Кыргызстан 103, Өзбекстан 120, Тажикстан 129-орунда. Бул көрсөткүч боюнча эң мыктылар Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Норвегия, Катар жана Кытай. Серепчилер 2025-жылга чейин Казакстанда мобилдик интернет колдонуучулардын саны 54 пайызга көбөйөт деп болжолдошууда. Бүгүнкү күндө 3G кызматтары жалпы рыноктун 28 пайызын гана камтыйт. Ал 4G менен 5Gга алмаштырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков