Казакстанда бизнес-долбоорлор сынагы башталды

Казакстанда бизнес-долбоорлор сынагы башталды

Бизнес долбоорлорго мүмкүнчүлүктөр көп. Казакстандагы эң мыкты стартапчылар 10 миллион теңгеге ээ болушат. Борбор калаада Startup Bolashaq республикалык сынагынын бешинчи сезону башталды. Долбоор ата мекендик бизнес демилгелерди колдоого багытталган. Өткөн жылдагыдан айырмаланып, бул жолу бир эмес, бир нече адам жеңүүчү болот. Башкача айтканда, өз ишин ачып, өнүктүрүүнү каалаган 10 жаш ишкерге колдоо көрсөтүлөт. Эң өтүмдүү идеяларды белгилүү ишкерлер жана финансисттерден турган атайын комиссия тандайт. Мындан тышкары, финалисттер каржылык моделдөө, бизнести пландоо, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, өз бизнесин ачуу же масштабдоо сыяктуу пайдалуу көндүмдөрдү үйрөнө алышат. Белгилей кетсек, сынакка катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу үчтүн айынын 20на чейин уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков