Казакстандык даректүү тасма NETFLIX платформасында

Казакстандык даректүү тасма NETFLIX платформасында

Казакстандык «Эртең деңиз» даректүү тасмасы NETFLIXте. Ата мекендик режиссёр Катерина Суворованын эң ири стриминг сервисинде көрсөтүлө турган толук метраждуу даректүү тасмасы Арал деңизинин жээгинде жашаган адамдардын жашоосу тууралуу баяндайт. Көрүүчүлөр туздуу чөлдүү талаада бак өстүргөн багбан, кургап калган деңиз түбүн изилдеген гидробиолог жана балыкчылардын үй-бүлөсүнүн мүчөсү, кеме калдыктарын чогулткан жаштардын аңгемелерине күбө болушат. Казак тасмасы улуттук жана эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. Тактап айтканда, Париждеги Жан Руш фестивалында Антропология жана туруктуу өнүгүү сыйлыгын жеңип алган. Тасма эми европалык көрүүчүлөргө жеткиликтүү. Ал эми америкалык кино күйөрмандары даректүү тасманы Amazon платформасынан көрө алышат. Картинаны КМШ өлкөлөрүнө көрсөтүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков