Казакстандык баянчы дүйнө чемпиону аталды

Казакстандык баянчы дүйнө чемпиону аталды

22 жаштагы казакстандык баянчы Олжас Нурланов «74th Coupe Mondiale» эл аралык сынагында жеңишке жетти. Тарыхта биринчи жолу биринчи сыйлык жана дүйнө чемпиону наамы казакстандык өнөрпозго ыйгарылды. Дүйнөлүк кубок — салттуу баян жана аккордеон аткаруучулар ортосундагы мелдеши. Иш-чараны Эл аралык аккордеончулар конфедерациясы уюштурат. Быйыл салтка айланган мелдеш Мюнхен шаарында өттү. Ата мекендик музыкант 32 жашка чейинки катышуучулар категориясында жеңишке жетти. Белгилей кетсек, Олжас Нурланов отуздан ашык эл аралык сынактардын лауреаты жана беш фестивалдын катышуучусу. Музыкант алты жашынан тарта аспапты өздөштүрүп баштаган.

Олжас Нурланов, баянчы:

- Аталган сынакка даярдык иштери оор, узак, ал тургай психологиялык жактан да кыйын болду. Бул жеңишти мен бала кезимден, эмгек жолумдан бери кыялданчумун. Жыл сайын ар бир сынактан тажрыйба топтоп, өз стилимди өнүктүрөм. Быйыл мен өзүмдү толук көрсөттүм. Менин программам барокко жана романтика доорунан баштап, баян аспабына арналган азыркы композиторлорго чейин көптөгөн чыгармалардан турат. Ошондой эле, ар бир чыгарма өзүнчө уникалдуу болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков