Казакстан Анкарада өтүп жаткан 16-китеп көргөзмөсүнө катышууда

Казакстан Анкарада өтүп жаткан 16-китеп көргөзмөсүнө катышууда

Анкара шаарында өтүп жаткан 16-китеп көргөзмөсүндө казак жазуучуларынын чыгармалары коомчулукка тартууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө Жамбыл Жабаевдин «Көроглы» дастаны, Нургали Ораздын «Казыгурт окуялары» китеби, Бауыржан Карагызулы чыгармасынын түрк тилиндеги котормолору тааныштырылды.

Малик Отарбаев, котормочу:

- Жамбыл атабыздын Көроглы дастаны бүткүл түрк элдери үчүн баа жеткис байлык. Бул биринчи жолу түрк тилине которулуп жатат. Андыктан Анкарада өтүп жаткан бул көргөзмөгө биздин катышып жатканыбыз, илимпоздорубуздун китептеринин бет ачарлары, мамлекетибиздин эгемендүүлүк жылдарындагы аткарган чоң жетишкендиги деп билебиз.

Нургали Ораз, жазуучу:

- Китеп көргөзмөсү биз үчүн руханий майрам. Биз түрк жазуучулары менен бир нече жылдан бери тыгыз байланыштабыз. Алардын чыгармаларын биз, биздин чыгармаларды алар которуп, окурмандарыбызга, өлкөбүзгө тааныштырып жатабыз. Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Казыгурт окуялары аттуу китебим түрк тилинде жарык көрдү.

Жалпысынан 350 жазуучу, 200гө жакын басмакана үйүнүн башын бириктирген жарманкеде 100 миң даана китеп коюлду. Өз кезегинде түрк парламентинин төрагасы маданий иш-чаралар эки өлкөнүн кызматташтыгына чоң салым кошоорун билдирди.

Мустафа Шентоп, Түркия парламентинин спикери:

- Жарманкеге боордош Казакстандын жазуучуларынын катышып жатканы чоң сыймык. Китеп жарманкеси кайсы шаарда болбосун маанилүү. Бирок Анкара китеп жарманкесинин орду өзгөчө. Шаарда 22 университет жана 300 миңден ашык студент билим алат. Бул жаш окурмандар көп экенин билдирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков