17 миллиондон ашык казакстандык жалпы улуттук каттоодон өттү

17 миллиондон ашык казакстандык жалпы улуттук каттоодон өттү

Казакстандыктардын 92%га жакыны, же 17 миллиондон ашуун адам Улуттук эл каттоого катышты. Алардын 40,4% онлайн каттоодон өткөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык бюросунун жетекчиси Нурболат Айдапкелов билдирди.

Нурболат Айдапкелов, Улуттук статистика бюросунун башчысы:

- Эл каттоонун саны боюнча Алматы шаары алдыда. Мында Эл каттоого катышкандардын саны мурда катталган калктын 107,5%ын түзгөн. Экинчи орунду Түркестан облусу ээлеп, эл каттоого 98,6% же 2 032 333 адам катышты. Үчүнчү орунду Жамбыл облусу ээлейт, бул жерде катталгандардын саны калктын 98,6%ын же 1 129 863 адамды түздү.

Белгилей кетсек, онлайн каттоого Чыгыш Казакстан облусунун тургундары, ошондой эле, Кызылорда жана Жамбыл облустарынын жарандары жигердүү катышты. Алматы, Шымкент жана Алматы облустарынын тургундары эл каттоого катышуунун салттуу форматын тандашкан.

Нурболат Айдапкелов, Улуттук статистика бюросунун башчысы:

- Буга чейин биз Алматы облусунун Балхаш району мөөнөтүнөн мурда сурамжылоо чараларын аяктаганын айткан элек. Акырындык менен республиканын башка райондору да эл каттоону аяктагандыгы тууралуу маалыматтарды берип жатышат. Сурамжылоо Алматы облусунун Кербулак районунда аяктады. Эл каттоонун алкагында маалыматтарды чогултуу Чыгыш Казакстан облусунун Абай районунда аяктады. Ал эми Павлодар облусунун 8 району каттоо алкагында сурамжылоо жүргүзүү чараларын билдирди.

Белгилей кетсек, Казакстанда үймө-үй кыдыруу боюнча акыркы көзөмөл жетинин айынын 1-7 күндөрүнө белгиленген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков