QazVac Ооганстанга жиберилиши мүмкүн

QazVac Ооганстанга жиберилиши мүмкүн

Ата мекендик QazVac препараты Ооганстанга жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди билдирди.

Мухтар Тлеуберди, Казаксьандын Премьер-Министринин орун басары, тышкы иштер министри:

- Ооган тарап казакстандык QazVac вакцинасын жеткирүү түрүндө гуманитардык көмөк көрсөтүүнү сурады. Учурда бул маселе каралып жатат. Акыркы чечимди Казакстандын өкмөтү кабыл алат.

Буга кошумча, Тышкы иштер министри Ислам Республикасына гуманитардык жардам катары 5 миң тонна ун жеткирилгенин билдирди. Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, аяк оона айы жана тогуздун айларында эле Ооганстанга 60 миң тоннадан ашык ун жана 15 миң тоннадан ашык эгин жөнөтүлгөн. Алдыдагы убакытта жеткирүүнү көбөйтүү мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков