«Жашыл кеңсе» сынагы

«Жашыл кеңсе» сынагы

Нур-Султан шаарында «Жашыл кеңсе» үчүнчү республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Анда Казакстандын экологиялык жооптуу уюмдары жана ишканалары сыйланды. Аталган долбоор жашыл жана аз көмүртектүү технологияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле, мыкты экологиялык чечимдерди жайылтууга багытталган. Белгилей кетсек, бул жылы катышуучулардын саны көбөйүп, 100дөн ашуун арыз келип түшкөн. Калыстар он номинация боюнча өз өндүрүшүндө мыкты жашыл тажрыйбаны киргизген отуз мыкты лидерди тандап алышты. Алардын катарында саламаттык сактоо, билим берүү, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, чакан жана орто бизнес, өнөр жай ишканалары, бизнес, финансылык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар кирет.

Асыл Окапова, сынактын уюштуруучусу:

- Жашыл офис - экологиялык жактан таза кеңсе. Мындай жайларда бардык ресурстарга өтө кылдат мамиле жасалат. Сууну үнөмдөө жана ресурстарды эффективдүү пайдаланууга жардам берүү үчүн жаңы жашыл технологиялар орнотулду. 100 өтүнмөнүн ичинен өнөр жай сектору, билим берүү жана мамлекеттик органдар менен квазимамлекеттик сектор сыяктуу үч номинацияга катышуучулар тарабынан жигердүүлүк көбүрөөк байкалды.

Владимир Пак, сынактын катышуучусу:

- Биз өзүбүздүн чоң комплексибизде жашыл кеңсе принциптерин ишке ашырууга аракет кылабыз. Негизгиси, албетте, энергияны үнөмдөө. Ал үчүн энергияны үнөмдөөчү лампалар жана энергия керектөөнү азайтуучу атайын орнотулган жабдуулар бар. Ошондой эле, азыр биз жаратылыш газын колдонгондуктан көмүрдөн баш тарттык. Экологиялык долбоорубуздун аркасында атмосферага зыяндуу калдыктар жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков