Латын арибине өтүү казак тилин үйрөнүүнү жеңилдетет

Латын арибине өтүү казак тилин үйрөнүүнү жеңилдетет

Латын алфавитине өтүү казак тилинин түрк дүйнөсүнө жана дүйнөлүк коомчулукка интеграциялануусуна шарт түзөт. Белгилүү түрколог Юлай Шамильоглунун айтымында, бул чет элдиктерге казак тилин үйрөнүүнү жеңилдетет.

Юлай Шамильоглу, профессор, «Назарбаев Университетинин» казак тили жана түрк изилдөөлөрү кафедрасынын жетекчиси:

- Түркиядан, Европадан же АКШдан келген туристтерби же бизнесмендерби, Назарбаев университети сыяктуу окуу жайлардын студенттери болобу, кириллицаны баары эле биле бербейт. Менимче, алфавитти үйрөнүү үчүн бир аз убакыт керек. Ошондуктан реформанын эң маанилүү себептеринин бири - бул Казакстанга келүүнү жана Казакстанда бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү, ошондой эле, республика үчүн өз бизнесин дүйнө коомчулугуна интеграциялоо мүмкүнчүлүгүндө деп ойлойм.

Америкалык Ракель Рейнагүл Казакстанда англис тилинен сабак берет. Эки жыл мурун адис казак тилин үйрөнө баштаган. Бул анын орус жана корей тилдеринен кийин үйрөнүп жаткан үчүнчү чет тили. Учурда ал орто деңгээлге жетти. 26 жаштагы блогер Youtube тармагында жетишкендиктери менен бөлүшөт.

Ракель Рейнагүл, мугалим, блогер:

- Негизи интернетте көп адамдар клавиатуранын жардамы менен латын алфавитин көбүрөөк колдонушат. Интернетти башка жерден колдонгонуңузда, сиз баары бир англис тилинде баскычтопту колдоносуз. Ошондуктан латын алфавитине өтүү жеңилирээк болот деп ойлойм. Казакстан латын алфавитине канчалык эртерээк өтсө, ошончолук жакшы, анткени алфавиттин өнүгүшүнөн бери жылдар өттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков