Амина Арыстанбек Италияда өткөн сынакта байгелүү орунга ээ болду

Амина Арыстанбек Италияда өткөн сынакта байгелүү орунга ээ болду

Италиялык Sanremo Junior-2021 атактуу эл аралык балдар сынагында казакстандык Амина Арыстанбек экинчи орунду ээледи. 10 жаштагы вокалист жана скрипкачы оркестрдин коштоосунда жомок ырын аткарды.

Ошондой эле, Амина сынакта атайын байгеге ээ болду - ал Украинада өтө турган Junior Eurovision эл аралык сынагынын финалына чакыруу алды. Сыйлыкты уюмдун мүдүрү Влад Багинский тапшырды. Мелдеш 2021-жылдын тогуздун айынын 30да Киев шаарында өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков