«OPEN MIND»: Нур-Султанда ачык инновациялар форуму өтүүдө

«OPEN MIND»: Нур-Султанда ачык инновациялар форуму өтүүдө

«Санариптик трансформация жана жашоонун жаңы сапаты». Нур-Султанда эки күндүк «OPEN MIND» ачык инновациялардын онлайн форуму башталды. Форумдун жүрүшүндө негизги темаларды өкмөт өкүлдөрүнөн баштап, чет элдик IT кызматтарын иштеп чыгуучулар жана серепчилер кеңири форматта талкуулашат. Уюштуруучулардын айтымында, быйылкы иш-чара пандемия учурунда санариптештирүүнү өнүктүрүүгө арналган. Форумдун ачылышында катышуучулар электрондук экосистемаларды киргизүү, ошондой эле, ачык инновация маданиятын өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбага токтолушту. Белгилей кетсек, талкуунун экинчи бөлүгү өлкөдөгү стартап-долбоорлорду, ошондой эле, EdTech-технологияларын жана билим берүү тармагындагы автоматташтырууну өнүктүрүүгө байланыштуу болмокчу.

Кайрат Келимбетов, РКнын Стратегиялык пландоо жана реформалар боюнча агенттигинин төрагасы, АЭКБ Башкаруучусу:

- Пандемия дүйнөлүк тенденцияларга чоң из калтырды. Чынында эле, пандемия бүт адамзатка, бардык мамлекеттерге жана мамлекеттик органдарга өз таасирин тийгизди. Өткөн жылдын башында мамлекеттик инфраструктуранын бардык системалары, анын ичинде саламаттык сактоо жана билим берүү системасы башынан кыйынчылыктарды өткөрдү. Биз аны жакшы билебиз. Ошол эле учурда телемедицинанын мүмкүнчүлүктөрүн, саламаттык сактоодо маалымат системаларынын мүмкүнчүлүктөрүн карай баштадык. Мунун баары, албетте, мамлекеттик инфраструктураны кантип жаңылоо керектигине байланыштуу чечим кабыл алууга таасирин тийгизди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков