Кышкы жомок: Нур-Султанда убакытты кантип өткөрүү керек?

Нур-Султан чыныгы кышкы жомокко айланды. Бүгүнкү күндө өлкөнүн борборунда атайын кооздолгон жаңы жылдык балатылардан тышкары көптөгөн муз аянтчалары менен муз шаарчалары пайда болгон. Биз борбор шаарды кыдырып, өлкөдөгү эң атактуу делген оюн-зоок  жайларынын тизмесин түзүп кайттык.

Айрымдар майрамдык дасторкондон калган тамактарды жеп убара болушса, калгандары шаардагы катуу суукка карабастан, жигердүү эс алууну тандашууда. Ал эс алуу тизмесинин сап башында муз тебүү турат. Үйлөмө шарлар менен куралдангандардын катарында балдар менен кошо чоңдор да бар. Алардын көпчүлүгү Есил дарыясынын жээгине топтолгон.

БЛИЦ:

  Бул жер абдан кооз. Быйыл муз тебүү аянтчалары жакшыраак жасалган. Ошондуктан бизге жагып жатат. Жыл сайын биз ар кайсы муз аянтчаларына барабыз, бирок баарынан да мага бул жер жакты. Кантсе да, бул биздин байыркы шаар, биздин Есил.

 - Быйылкы жылы муз аянттары былтыркы жылга караганда көбүрөөк курулду. Бул карантинге байланыштуу болушу мүмкүн. Себеби адамдар бир жерге топтолбошу керек. Мисалы, жээктеги адамдардын саны мурунку жылдарга караганда эки эсе көп. Ошондой эле, сноубордчулар үчүн да атайын муз тебүүчү аянтчалар салынды.

Жөн гана муз  тебүү эмес, сноубордчулар үчүн шаарда чоң атайын жол пайда болду. Тагыраак айтканда,  шаардын чок ортосунда аянты 700 чарчы метрден ашкан сноупарк курулду. Бул өлкөдө кышкы экстремалдык спорттун түрлөрүнө арналган алгачкы аянтчалардын бири болуп саналат.

АЛЕКСАНДР КУЧУРА, СНОУБОРДЧУ:

 - Борбор калаада джибингге арналган платформанын пайда болгону кубандырат. Эгер ал ушул жол менен өнүгө берсе, беш-он жылдан кийин джибингдин деңгээли Алматыдан ашып түшөт деп ойлойм.

Ал эми уюштуруучулар бул жерде келечекте массалык муз тебүү үчүн жайлар пайда болорун айтышууда. Быйыл өлкө борбору Нур-Султан шаары тургундары арасында активдүү эс алуучулардын саны көбөйдү. Шаарда 30дан ашык чоң муз тебүүчү аянтчалар бар жана алар ар бир райондо жайгашкан. Ал эми сиз муз тебүүнү жактырсаңыз, анда ЭКСПОнун жанындагы жаңы муз аянтчасына барсаңыз болот. Аталган аянт бир ай мурун меймандарга эшигин ачкан. Эң башкысы, кирүү акысыз. Мындай ачык асман алдындагы муз аянтчалары «Казак Эли» аянтында, Ботаникалык бакта, «Хан Шатыр» көңүл ачуу борборунун жанында жана борбор калаанын сейил бактарында иштей турганын кошумчалай кетүү керек. Ошондой эле, шаарда тематикалык кышкы шаарлар да абдан популярдуулукка ээ. Мисалы, триатлон паркына барып, белгилүү «Тактар ​​оюну» киносунун атмосферасына кирүүгө болот. Атайын кооздолгон нерселерди карап гана тим болбостон, коньки менен же чана менен жылгаяк тебүүгө да болот. 

БЛИЦ: 

 - Шаар ичинде ушинтип чогулууга, эс алууга, муз тебүүгө мүмкүнчүлүк пайда болгонуна биз кубанычтабыз.

 - Абдан сонун кооздолгон, жаңы жылдык маанай тартуулайт.

Ал эми күндүн суугуна чыдабаган, активдүү эс алууну жактырбагандар убакытты Жаңы жылдык тасмаларды көрүү менен өткөрсө болот. Ал үчүн кинотеатрга баруу сунушталат. Бул жаатта борбордогу кинотеатрлар өз ишин бештин айынын аягынан баштап кайрадан жандандырганын белгилейбиз.