Шардарадан тарыхый экспонаттар табылды

Шардарадан тарыхый экспонаттар табылды

Шардара суу сактагычынын түбүнөн тарыхый экспонаттар табылды. Суу сактагычтагы суунун деңгээли кыйла төмөндөп, бир катар экспонаттар топурактын бетине чыгып калган. Райондук тарыхый-чөлкөм таануу музейи ыкчам экспедиция уюштуруп, казуу иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында карапа идиштер, тиричилик буюмдары, кыш жана канализация системалары, ал тургай адамдын сөөктөрү табылган. Археологдордун айтымында, байыркы буюмдар 6-8-кылымдарга таандык. Буга чейин Шардаранын жанынан бир нече шаарлар жана көрүстөндөр, Караханиддер доорунун баалуу экспонаттары табылган. Андыктан тарыхчылар Шардаранын аймагы кошумча изилдөөлөргө муктаж экенин айтышат.

Нурлан Смайлов, Шардара райондук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин жетекчиси:

- Азыркы учурда биз бул тарыхый объекттин артефакттарын чогултуп, баа жеткис карапа түтүктөрүн казып жатабыз. Таштан жасалган скульптура табылды. Албетте бузулган абалда. Музей фондун толуктоо үчүн дагы көптөгөн экспонаттарды чогултуп жатабыз. Музей деңгээлинде мүмкүн болушунча бул тарыхый жайлардан табылган экспонаттарды изилдеп, музей фондуна каттап, үгүт иштерин жүргүзөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков