Мамлекеттик тилди окутуунун жаңы тутуму түзүлөт

Мамлекеттик тилди окутуунун жаңы тутуму түзүлөт

Казакстанда мамлекеттик тилди окутуунун бирдиктүү системасы түзүлөт. Универсалдуу программа бала бакчадан баштап бардык чоң адамдарды да камтыйт. Анын негизинде жаңы муундагы окуу китептери чыгарылып, заманбап методдор иштелип чыгат. Башкача айтканда, казак тилинин санариптик лингвистикасы жаңыртылат. Ааламдашуу доорунда сырттан кирип жаткан сөздөр жана терминдер жаңыртылып, казак тилинин колдонулушу кеңейтилет. Билим берүүнүн улуттук деңгээлде жаңы стандарттары түзүлөт. Анын латын графикасындагы нускасы параллелдүү түрдө иштелип чыгат. Жаңы система 2023-жылы кеңири колдонууга киргизилери күтүлүүдө.

Ербол Тилешов, Ш. Шаяхметов атындагы «Тил Казына» улуттук илимий-практика борборунун аткаруучу мүдүрү:

- Адамдардын кабыл алуусу башкача болуп жатат. Мындан 20 жыл мурунку адамдын маалыматтык мейкиндиги менен бүгүнкү маалыматтык мейкиндик бирдей эмес. Буга байланыштуу инновациялык ыкмаларды, айрыкча ошол долбоорлорду сайттарга жайгаштыруу, порталдарды ачуу, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу. Ар бири өз алдынча телефон аркылуу үйрөнө алат деген сыяктуу ушундай бир жаңы форматка өтүү маселеси.

Которгон: Илгиз Жамалбеков