4 миңге жакын жаш казакстандык Эл Башы медалын алды

4 миңге жакын жаш казакстандык Эл Башы медалын алды

Казакстанда билимдүү жана жигердүү жаштарынын дагы бир агымы Эл Башы медалын алды. Сыйлык өлкөнүн ар бир облусундагы 4000ге жакын активдүү жаштарга тапшырылды. Белгилей кетсек, бул долбоор Биринчи президент - Нурсултан Назарбаевдин «El Úmiti» демилгесинин алкагында иштелип чыккан. Республикалык деңгээлдеги уникалдуу программа таланттуу жаштарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган. Ага 14 жаштан 29 жашка чейинки казакстандыктар катышат. Талапкер коло, күмүш же алтын деңгээлдердин бирин тандайт жана 6 айдан 18 айга чейин түзүлгөн программанын талаптарын аткарат. Квалификацияны өнүктүрүү жети багытты камтыйт. Тактап айтканда, спорт, талант жана көндүмдөр, китеп окуу, улуттук мурас, ыктыярдуулук, саякат жана сейилдөө, иш тажрыйбасы өркүндөтүлүп, текшерилет. Акыркы эки жылдын ичинде бул долбоорго өлкөнүн бардык аймактарынан 20 миңден ашуун жаштар тартылган.

Маржан Имангалиева, Эл Башы Академиясы корпоративдик фонду мүдүрүнүн кеңешчиси:

- Бул жылы коло же күмүш медал болобу, алар билим берүү гранттарды алуунун артыкчылыгына ээ болду. Алар Казакстан Республикасы боюнча 605 бүтүрүүчүгө мындай билим берүү гранттарды беришкен. Алардын 30%дан ашыгы биздин айыл жергесиндеги мектептердин бүтүрүүчүлөрү.

Аспет Кенжекара, Эл Башы коло медалынын ээси:

- Арызды Эл Башы медалы сертификаты аркылуу бердим. Андан кийин жоопту күттүм. Жооп келип, менин Евразия улуттук университетинен грант алдың деген билдирүү алдым. Чынын айтсам, мен кубандым десем болот. Анткени ата-энемдин үмүтүн актоо менин өзгөчө кыялдарымдын бири болчу. Бул Эл Башы медалы долбоору аркылуу өзүмдү бардык тармактарда жакшы өнүктүрдүм десем аша чапкандык болбойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков