ЭКСПО-2020: Казакстан павильонунда көмүртекти бейтараптандыруу маселеси талкууланды

ЭКСПО-2020: Казакстан павильонунда көмүртекти бейтараптандыруу маселеси талкууланды

Казакстан дүйнө өлкөлөрүн көмүртек изин азайтууга чакырды. Курчаган чөйрөнүн тазалыгын сактоо маселелери эл аралык ЭКСПО көргөзмөсүндө Казакстан павильонунда өткөн жолугушууда талкууланды. Бул аталган аянтчада мерчемделген 30 иш-чаранын алгачкысы. Уюштуруучулар жолугушууда жашыл экономикага өтүү темасына басым жасашты. Бүгүнкү күндө Казакстандын өнөр жайлары заманбап технологияларды киргизүүгө жигердүү катышууда. Жаңы экологиялык кодекске ылайык, бул багытта 50 компания иштеп жатат. Тийиштүү экологиялык уруксатты алгандан кийин, алар айлана-чөйрөгө эмиссия төлөмүнөн толук бошотулат. Бул каражаттар колдо болгон технологияны кеңири колдонууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Улуттук декарбонизация союзунда белгиленгендей, бүгүнкү күндө Казакстан көмүртекти бейтараптандыруу ишине багытталган.

Ермек Омаров, Казакстандын ЭГТРМ Экологиялык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө комитети төрагасынын орун басары:

- Өлкөдө экологиялык комплекстүү уруксаттарга ээ болгон ишканалар жана корпорациялар бар. Ал иштеп жаткан технологияны жакшыртуу боюнча стратегиясын түзгөн. Мисалы, казакстандык алюминий заводундагы өндүрүш 90% экологиялык талаптарга ылайык келет. Албетте, жакынкы он жылда ал европалык деңгээлдеги ишканага айланат.

Жанар Игенова, Эл аралык жашыл технологиялар жана инвестициялык долбоорлор борбору төрагасынын милдетин аткаруучу:

Биздин борбор жашыл экономика жаатында көптөгөн өлкөлөрдү байланыштырган көпүрө сыяктуу. Ал Казакстанга жана Борбор Азияга инвестиция тартуу менен алектенет. Ошентип, биздин борбор өлкөнүн жашыл экономикага өтүүсүн тездетүүгө жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков