«Улуу талаа руху» фестивалы аяктады

«Улуу талаа руху» фестивалы аяктады

Ат жалында ойногон чыныгы баатырлар аныкталды. Улуу талаанын руху фестивалы жыйынтыкталды. Республикалык фестиваль баш оона айынын аягында башталган. Ошондон бери республиканын бардык аймагында улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Ага 7000ден ашуун адам катышты. Жыйынтыгында тандоонун мыктылары борбордо жолугуп, өз ара мыктылары аныкталды. Бул фестиваль эки жылда бир уюштурулат жана быйылкы сынак Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен Кажымукандын 150 жылдыгына арналды. Фестивалдын соңунда жамбы атыш жана тыйын эңмей боюнча республикалык турнирге катышкан спортчулар сыйланды.

Бекболат Тлеухан, Казакстандын Улуттук спорт түрлөрү бирикмесинин президенти:

- Жамбы атуу федерациясынын президенти Нурлан Аметов мырза атайын ушундай темир тулпар мингизди. Андан кийин ассоциациянын атынан дагы тулпар койдук. Ал кезде спортчуларыбыздын көздөрү мурункудан да жаркырап, өзгөчө шыктануу жана умтулуу менен киришти. Бул алар үчүн чоң стимул болду. Кийинки мелдештерде жамбы атуудан чыныгы мергендер, тыйын эңмейден чыныгы сайыпкерлер чыгарына эч кандай шегим жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков