Казакстан сунуштаган диндер ортосундагы диалог модели маанилүүлүгүн сактап келет

Казакстан сунуштаган диндер ортосундагы диалог модели маанилүүлүгүн сактап келет

Казакстан 18 жыл мурун сунуштаган диндер аралык диалог модели дүйнөлүк деңгээлде маанилүү бойдон калууда. Идеянын ырааттуулугу жана маанилүүлүгү убакыттын өтүшү менен далилденген. Бул тууралуу дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайынын катчылыгынын XIX жыйынында Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы Ажы Аллахшүкүр Пашазаде билдирди. Конфессиялар жана маданият аралык диалогдун мааниси, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктар, пандемиядан кийинки дүйнөдө туруктуулук маселелери келерки жылы борбордо өтө турган 7-сьезддин негизги темалары болот.

Маулен Ашимбаев, Казакстандын Парламенти Сенатынын төрагасы:

- Быйыл биз өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул убакыт ичинде Казакстан тынчтыктын, улуттук биримдиктин жана конфессиялар аралык диалогдун моделин түздү. Аны Туңгуч Президент – Эл Башы Нурсултан Назарбаев демилгелеген. Бул моделдин эффективдүүлүгүн баарыбыз көрүп турабыз. Бүгүнкү күндө мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин колдоосу менен улуттар аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты камсыздоо саясаты уланып келет. Ошондуктан катчылык менен конгресс биз үчүн имидждик иш-чара эмес. Бул жолугушуу Казакстандын өнүгүү багытын ачык көрсөтүп турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков