Казакстанда кыймылсыз мүлктүн баасы арзандайбы?

Казакстанда кыймылсыз мүлктүн баасы арзандайбы?

Казакстанда кыймылсыз мүлккө болгон баанын өсүү темпи төмөндөйт. Мындай божомолду Республикалык финансисттер ассоциациясынын жетектөөчү адиси Рамазан Досов билдирди. Анын айтымында, батирлердин баасы кымбаттайт, бирок азыркыдай темп менен эмес. Анткени калктын кирешесинин азыркы деңгээлин эске алганда, базардагы баалардын өсүшү күчөдү. Турак жайдын наркынын бир кыйла төмөндөшү пенсиялык топтоолордун бир бөлүгүн турак жай сатып алууга пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу. Белгилүү болгондой, казакстандыктар пландалган сумманын 75% ашыгын колдонушкан. Мындан тышкары, жеңилдетилген ипотекалык программалар да кыскарууда. Ошентип, кыймылсыз мүлктүн баасы турукташат, дейт серепчи. Белгилей кетсек, Улуттук статистикалык бюронун маалыматы боюнча, жыл башынан бери жаңы имараттардагы турак жайдын баасы 11%га кымбаттаса, ал эми экинчилик рынокто баанын өсүшү 17%га жеткен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков