Түркияда Жамбылдын ысымы урматталды

Түркияда Жамбылдын ысымы урматталды

Жамбылдын ысымы Түркияда урматталды. Акындын 175 жылдыгына карай Анкарадагы анын ысымы берилген көчөгө эстелик тактайча орнотулду. Эми шаардын тургундары жана коноктору QR-код аркылуу түрк тилинде Жамбыл Жабаев тууралуу видео жана жазуу түрүндөгү маалыматты ала алышат. Салтанаттын жүрүшүндө акындын устаты Сүйүнбай Аронулы эстелигине гүл чамбар коюлду. Иш-чара Казакстандын Түркиядагы элчилиги, эл аралык ТҮРКСОЙ уюму жана Кечиөрен муниципалитети тарабынан уюштурулду. Эске салсак, Анкарадагы Жамбыл көчөсү 2017-жылы ачылган.

Тургут Алтынок, Кечиөрен муниципалитетинин мэри:

- Жамбыл казактардын гана эмес, түбү бир түрк тектүү акын. Муну биздин жаш муун билиши керек. Бул үчүн мындай иш-чаралардын санын көбөйтүү зарыл. Андыктан Кечиөрен районунда казак акындарынын, жазуучуларынын жана тарыхый инсандардын ысымы менен аталган көчө жана парктардын саны көп. Эстеликтер бар. Бирок биз муну менен эле токтоп калбайбыз. Келечекте башка да сонун жаңылыктар менен бөлүшөбүз.

Тилек Махамбетжан, студент:

- Түркияда Казакстан Республикасынын студенти болуу мен үчүн бакыт. Анткени Түркиянын кайсыл жерине барбаңыз, казак эстеликтерин жана алардын атына берилген көчөлөрдү көрө аласыз. Ал жерде алар биздин борборазиялыктар экенибизди, анын ичинде казак экенибизди тааныйт. Меймандостугун көрсөтөт. Бул чет өлкөдө жүргөн биз үчүн чоң кубаныч.

Которгон: Илгиз Жамалбеков