Казакстандык электровоздор экспортко жиберилет

Казакстандык электровоздор экспортко жиберилет

Казакстандын электровоздорун тышкы рынокко жеткирүү тездетилет. Соода жана интеграция министрлиги менен дүйнөнүн эң ири инженердик Alstom компаниясы ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Документтин алкагында эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүү, анын ичинде ата мекендик кураштыруу жабдууларын экспорттоо, ошондой эле, жергиликтүү дараметти жогорулатуу мерчемделүүдө. Электровоздорду чыгарууда жергиликтүү контенттин үлүшү бүгүнкү күндө 40%ды түзөт. Жакын арада аны 60% га чейин жеткирүү көздөлүүдө.

Бакыт Султанов, РКнын Соода жана интеграция министри:

- Ата мекендик материалдын үлүшүн көбөйтүү жабдуулардын наркын арзандатууга жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга тийиш. Аралаш өндүрүштүн өнүгүшү 2025-жылга чейин мунай эмес экспортту эки эсеге көбөйтүү боюнча максатыбызга жетүүгө жардам берет.

Эндрю Делеоне, Alstom компаниясынын аймактык президенти:

- Бул Казакстан менен узак мөөнөттүү мамилелерди түзүүгө карай багытталган дагы бир кадам. Биздин Казакстан темир жолу менен келишимибиз 30-40 жылга түзүлгөн. Казакстанда жүрүүчү поезддерди тейлөөдөн тышкары, келечекке пландарыбыз көп.

Которгон: Илгиз Жамалбеков