Маңгыстау облусунда жаңы өнөр жай долбоорлору ишке берилет

Маңгыстау облусунда жаңы өнөр жай долбоорлору ишке берилет

Маңгыстау облусунда жаңы өнөр жай долбоорлору башталат. Өкмөт отурумунда Экономика министри Асет Иргалиев Жаңыөзөндө газды кайра иштетүүчү заводду, ошондой эле, Актау деңиз порту атайын экономикалык аймагында каустикалык сооданы жана курамында хлорду камтыган өнүмдөрдү чыгаруучу ишкананы куруу мерчемделип жатканын билдирди. Мындан тышкары, суюк дарылык формаларды, химиялык реагенттерди жана трансформаторлорду өндүрүү боюнча жыйырма бир долбоорду ишке ашыруу көздөлүүдө. Ошентип, аймактын туристтик дараметин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Алардын арасында туристтик комплекс, пляж аймагындагы соода борборлору, сапар борбору бар этно айыл, тогуз мейманкана, эс алуу жайлары жана ден соолукту чыңдоо комплекстери салынат. Белгилей кетсек, өкмөт Маңгыстау облусун алдыдагы төрт жылга комплекстүү өнүктүрүү планын бекиткен. Региондо мунай жана газ тармагын, өндүрүштү, туризмди, транспортту жана логистиканы өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт болуп калат.

Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-Министри:

- Маңгыстау облусу - өнүгүү дарамети жогору аймак. Комплекстүү планды ишке ашыруу региондун өнүгүшүнө жаңы дем берет. Комплекстүү план ишке ашырылган 5 жылдын ичинде 2,1 триллион теңгелик 214 иш-чара ишке ашырылат. Бул мезгилде аймактын экономикасы 32 пайызга өсөт.

Асет Иргалиев, Казакстандын Улуттук экономика министри:

- Жылдар үчүн инвестициянын жалпы суммасы 2,1 триллион теңгени түзөт. Анын ичинде республикалык бюджеттен 338,8 миллиард теңге, жергиликтүү бюджеттерден 118,3 миллиард теңге, ошондой эле, жеке инвестициялардан 1,6 триллион теңге каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков