Борбор калаада уникалдуу «Nomad: black and white» көргөзмөсү ачылды

Борбор калаада уникалдуу «Nomad: black and white» көргөзмөсү ачылды

«Nomad: black and white». Дал ушундай аталышта белгилүү график-сүрөтчү Батухан Баймендин көргөзмөсү борбор калаада ачылды. Линогравюра жанрында иштеген чебер көчмөндөр маданиятын чагылдырат. Бүгүнкү күндө жазуучу өз эмгектерин эл аралык деңгээлде, анын ичинде Германияда, Түркияда, Кипрде, Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Казакстанда сунуштап келет. Негизи линогравюра өнөрүн жайылткан сүрөтчүлөр аз, дейт ал. Жаштарга гравюра деген эмне жана анын канчалык уникалдуу экенин көрсөтүү максатында аталган көргөзмөнү уюштуруу чечими кабыл алынган. Белгилей кетсек, бул сүрөтчүнүн биографиясындагы жеке 13-автордук көргөзмөсү болуп саналат. Борбор калаадагы экспозицияга 50гө жакын чыгарма коюлган.

Батухан Баймен, график-сүрөтчү:

- Бул жерде линогравюра өнөрү артта калды деп айтсак болот. Азыр эң жаш искусство болгону менен, ал өнүкпөй калды. Бул өнөрдү дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу, анын дараметин көрсөтүү үчүн 5 жана 6 метрлик түстүү линогравюралар бар. Анын жасалуу технологиясы абдан кыйын. Бул ушунчалык талыкпаган эмгекти жана туруктуулукту талап кылат. Бул жерде 2020-жылы, акыркы жылдары жасалган бардык иштер. Көрүүчүлөрдүн көбү биле бербейт. Ошондуктан мен бул көргөзмөнү сунуштап жатам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков