Касым хандыгын башкарган казак

Касым хандыгын башкарган казак

XV кылымда Орусиянын аймагында Касым хандыгы болгонун бири билсе, бири биле бербейт. Аны Казан ханы Мухаммеддин уулу Касым негиздеген. Хандык 200 жылдан ашуун өкүмсүргөн. Касым хандыгынын түптөлүшүнөн кулашына чейин Чыңгызхандын 14 тукуму башкарган. Алардын арасында Казак хандыгынын негиздөөчүсү Жанибектин тукуму Ораз Мухаммед Онданулы бар. Бүгүнкү күндө анын сөөгү коюлган жерге мемориалдык такта орнотулду. Ата-бабалар из калтырган жерге казак экспедициясы атайын келди.

Сапар Ыскаков, «Бабалар изи менен» илимий экспедициясынын жетекчиси:

- Анын оюнда Орусиядан көз карандысыз Касым хандыгынын өзүнчө мамлекетин түзүү болгон. Балким ушул себептен улам, Лжедмитрий биринчи жана Лжедмитрий экинчи менен байланышып, кийинчерээк алар тарапка өткөн. Анын бул аракетин байкаган Лжедмитрий желдеттерине аны өлтүрүүгө буйрук берген.

Касым хандыгынын түптөлүшүнөн бери сакталып келе жаткан жалгыз объект мунара болуп саналат. Бийиктиги болжол менен 22 метр. Бул жерде хандыктын кээ бир башкаруучуларынын сөөктөрү коюлган. Азыркы Касым шаарынын жанындагы бул түздүк мурда көрүстөн болгон. Буга далил - күмбөз. Анда тарыхта аты аталган беш адамдын белги ташы бар. Алардын бири Кайыргали Жалайры.

Эльдар Бекуев, Рязань облусу, татар элинин улуттук маданияты автономиясынын төрагасы:

- 2022-жылы биз бул объекттерди калыбына келтирүүнү баштайбыз. Бул экспонаттар Орусия Федерациясынын же Рязань облусунун тарыхы менен эле чектелбейт. Бул жерде Касым хандыгын башкарган жана тыгыз байланышта болгон Казак хандыгынын өкүлдөрү да көмүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков