Казакстанда инвесторлордун эл аралык жумалыгы башталды

Казакстанда инвесторлордун эл аралык жумалыгы башталды

Дивиденд алуу үчүн аманаттарды кантип жана кайда инвестициялоо керек? Дүйнөлүк жана жергиликтүү серепчилер аталган маселени түшүнүүгө жардам берет. Борбор калаада инвесторлордун эл аралык жумалыгы башталды. АЭКБ онлайн платформасында дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген 20дан ашык адис сөз сүйлөйт. Алар инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, инструменттер жана тобокелчиликтер, ошондой эле, бул тармактагы инновациялар тууралуу маалымат беришет. Каалоочулар түз эфирге туташып, кирешелүү өзгөчөлүктөр тууралуу эл аралык борбордун расмий сайтынан көбүрөөк биле алышат. Өткөн жылы 3 миңден ашуун адам аталган тармактын адистеринин дарсына катышкан. Бул жолу 17 иш–чаранын өтөрү күтүлүүдө, анын ичинде вебинарлар, социалдык тармактардагы түз эфирлер жана панелдик сессиялар бар.

Мухтар Бубеев, Астана эл аралык каржы борбору комитетинин башкы мүдүрү:

- Биз бул иш-чараны баалуу кагаздар боюнча эл аралык уюмдун (IOSCO) колдоосу астында 4 жылдан бери өткөрүп келе жатабыз. Бул дүйнөлүк рыноктун жөнгө салуучуларын бириктирген регулятор. Үстүбүздөгү жумада биз өткөн жылдагы тенденцияларды чагылдырган иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз. Биринчиси, каржылык сабаттуулук деңгээли. Анткени бул глобалдык деңгээлде дагы эле өтө төмөн абалда калууда. Эл аралык уюмдардын баамында, дүйнөдөгү калктын жарымы каржылык сабаттуулугун жогорулатууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков