Dubai EXPO-2020: Казакстандын павильону ачылды

Dubai EXPO-2020: Казакстандын павильону ачылды

Дубай ЭКСПО-2020 көргөзмөсүндө Казакстандын павильону аянты боюнча эң чоң. Ал үч миң чарчы метрден ашат. Жалпысынан Казакстандын павильону үч кабаттан турат. Келүүчүлөр биринчи кезекте өлкөнүн туристтик дарамети, анын кооз жаратылышы, маданияты жана каада-салттары менен таанышат. Буга кошумча, меймандарга Казакстандын байыркы доордон берки тарыхы да сунушталган. Белгилей кетсек, павильондун наркы 8 миллиард теңге. Уюштуруучулардын айтымында, жумшалган каражат инвестиция эсебинен төлөнөт. Айта кетсек, бештин айынын 1де өтө турчу ЭКСПО-2020 көргөзмөсүндөгү Казакстандын улуттук күнүнүн алкагында ири инвестициялык форумга даярдыктар көрүлүп жатат. Ага Жакынкы Чыгыштын ири ишкерлери катышары күтүлүүдө. Ошондой эле, павильондун аймагында 30дан ашык ишкерлик жолугушууларды өткөрүү мерчемделген. Жыйынтыгында кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлат.

Аллен Чайжунусов, QAZEXPOCONGRESS Улуттук компаниясы АК башкарма төрагасы:

- Бул көргөзмөнүн алгачкы сааттарында биринчи павильондордун бири болду. Павильондун базасында жеке ишкердик жолугушуулар мерчемделген. Мисалы, Казакстандын Жашыл жумалык программасы ишке кирет. Муну менен катар, региондордун, облустардын жана шаарлардын күндөрү өткөрүлөт.

Киара Хильдебранд, Австрия тургуну:

- Менин эң жакын досум Казакстандан. Сиздердин өлкөнүн табияты укмуштуудай экенин билем. Мен келечекте Казакстанга барып, ошол кереметти өз көзүм менен көрүү үчүн барам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков