Казакстанда Беларусь маданиятынын күндөрү өттү

Казакстанда Беларусь маданиятынын күндөрү өттү

Казакстанда Беларусь маданиятынын күндөрү өттү. Иш-чаранын алкагында борбор калаада беларусь тасмалары көрсөтүлдү. Программанын биринчи күнү «Диверсанттын тагдыры» тасмасы менен ачылды. Жалпысынан казак көрүүчүлөрүнө он үч фильм көрсөтүлдү. Алар өзгөчө дем берүүчү жана боорукердик менен айырмаланат. Буга кошумча профессионалдуулук жана жаңычылдык болгонун уюштуруучулар белгилешет. Айта кетсек, маданият күндөрүн өткөрүү салтка айланып келе жатат.

Павел Утюпин, Беларустун Казакстандагы элчиси:

- Биз Беларусь тасмалары менен баштайбыз. Үч күндүн ичинде Улуу Ата Мекендик согуш, партизандардын эрдиги, согуштан кийинки мезгил жана калыбына келтирүү тууралуу көптөгөн көркөм, анимациялык фильмдер тартууланат. Биз казак көрүүчүлөрү бул тасманы көрүп, ырахат алуу менен бирге киноиндустрия аркылуу Беларустун маданияты менен жакындан таанышат деп ишенебиз.

Ал эми Казакстандын Улуттук музейинде маданият күндөрүнүн алкагында «Азыркы Беларусь - сүрөтчүлөрдүн көзү менен» аттуу көргөзмө өттү. 35 сүрөт Беларусь жеринин кооздугун жана түсүн максималдуу түрдө ачып берет. Экспозиция өлкөнүн бардык аймагын камтыйт: Гроднодон Гомелге, Витебсктен Могилёвго, Минсктен Брестке чейин. Картиналардын сюжеттери биринчи караганда татаал эмес - дарыялар, дарактар, талаалар, үйлөр жана чиркөөлөр. Бирок ар бир полотнонун ички лейтмотиви түбөлүктүүлүктүн темасын чагылдырып турат.

Глеб Отчик, Беларусь сүрөтчүлөр союзунун төрагасы:

- Бардык шаарлар дарыялардын жээгинде курулган, бизде жашыл аймактар көп, кооз пейзаждар бар. Биз бул жерде төрт мезгилди - жаз, күз, кыш жана жайды чагылдырдык. Сүрөтчүлөр көбүнчө жаштар. Бизде азыр жаштар үчүн көптөгөн артыкчылыктар бар, биз көптөгөн пленарларды өткөрүп турабыз. Мен биздин өлкөлөрдүн ортосунда достук мамиле болгонуна абдан кубанычтамын. Биз бул мамилени мындан ары да чыңдап, өнүктүрүшүбүз керек деп ойлойм.

Беларусь элчилигинен белгилешкендей, эми жооп иретинде келерки жылы казак маданиятынын күндөрү беларуста өтөрү күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков