Эл Башы китепканасында «Умай бешик ыры» көргөзмөсү ачылды

Эл Башы китепканасында «Умай бешик ыры» көргөзмөсү ачылды

Аялдык принцип: энелик кубаныч жана бала бакыты. Мунун баары казак сүрөтчүсүнүн картиналарында. Биринчи Президенттин китепканасында жаш чебер Динара Кадырованын көргөзмөсү ачылды. Ал аял менен баланы коргоочу Умай Энеге арналган. Көргөзмө «Умай бешик ыры» деп аталат. Аны менен катар, казак элинин салттуу маданияты сүрөтчүнүн чыгармаларында ачык чагылдырылган. Белгилей кетсек, бул таланттуу чебердин алгачкы эмгеги болуп саналат. Деген менен бул жерде ондогон уникалдуу сүрөттөр чогултулган.

Динара Кадырова, сүрөтчү:

- Мен эне болгондон кийин жеке көркөм чыгармаларымды жарата баштадым. Ага чейин студент болчумун, кийин дизайн тармагында иштедим. Бирок энелик сезим кайрадан мени сүрөт тартууга шыктандырды. Менде ушунчалык энергия, сүйүү, ыраазычылык пайда болгондугуна байланыштуу мен жашоого башкача карай баштадым. Ушунчалык кооздукту көрүп жаттым.

Куляш Актаева, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Эл Башы китепканасы мүдүрүнүн орун басары:

- Бүгүнкү Умай бешик ыры көргөзмөсү көп жылдар бою изденген жаш жана таланттуу автор Динара Кадырованын эмгеги. Динара Кадырова – Алматылык сүрөтчү, ошол эле учурда абдан чоң тажрыйбасы бар. Ал бир жолу таланттуу балдардын арасында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолуккан. Ал көптөгөн сыйлыктардын ээси да аталган. Бирок, ошол эле учурда, ал өзүн энеликке арнаган, учурда үч уулдун энеси. Ошентип ал, бул көргөзмөнү ачты.

Белгилей кетсек, көргөзмө Эгемендүүлүктүн маданий коду долбоорунун алкагында уюштурулган. Китепкана адистеринин айтымында, ушундай жол менен алар өлкөнүн таанымал кодун түзгөн авторлордун эмгектерин көрсөтүшөт. Көргөзмөгө кирүү акысыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков