Франкфуртта Казакстанга арналган фото көргөзмө ачылды

Франкфуртта Казакстанга арналган фото көргөзмө ачылды

Германиянын Майндагы Франкфурт шаарында Казакстан көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Экспозицияда өлкөнүн учурдагы заманбап архитектурасын жана улуттук салт-санааларын чагылдырган эмгектер коюлган. Казакстандын кооз жаратылышын чагылдырган сүрөттөр көптөгөн саякатчыларды таң калтырды. Алардын айрымдары кийинки эс алуусун Казакстанда өткөрүүгө түрткү берген.

Ханс-Петер Вилли, Швейцариянын Майндагы Франкфурт консулунун орун басары:

- Өлкөңүздөр кандай гана көп түрдүү. Көлдөрү, чөлдөрү жана заманбап шаарлары да бар. Муну мурда билген эмесмин, анын көркүн көргөзмөдөн гана көрчүмүн. Эми Казакстанга барууну мерчемдеп жатабыз.

Ина Хаук, Майндагы Франкфурттун магистринин кеңешчиси:

- Бул жерден Казакстан акыркы 30 жылдын ичинде кантип өнүккөнүн көрүүгө болот. Мен абдан таасирлендим. Казакстанга барган эмесмин, бирок бул сонун өлкөгө баргым келет. Бизде илим, билим жана бизнес жаатында тыгыз кызматташтык орногон. Ишибиз бардык тармактарда ийгиликтүү болот деп ишенем. Шаарыбыздын атынан казакстандыктарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктайм.

Көргөзмөнүн коноктору казакстандык артисттердин өнөрүнө да суктанышты. Алатау салттуу искусство театрынын кызматкерлери Курмангазы күүлөрүн жана элдик ырларды домбра, жетиген жана виолончель аспаптарында аткарышты. Аспаптардын гармониялуу үнү угуучулардын моокумун кандырды.

Даурен Карипов, Казакстандын Германиядагы элчиси:

- Быйыл өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында Германияда сүрөт көргөзмөсүн уюштурууну улантып жатабыз. Биздин максат - жергиликтүү калкка өлкөбүздүн маданиятын, салттарын, жаратылышын жеткирүү. Өлкөбүз 30 жылдан бери эгемендүү болуп, өнүгүп келе жаткандыктан, бул фото-сүрөттөр аркылуу мамлекетибиздин имиджин көрсөтүү максат болду.

Казакстан маданиятына арналган көргөзмө Мюнхен шаарында да уюштурулары мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков