Шанхайдан Казакстан аркылуу Гамбургга жаңы багыт ачылды

Шанхайдан Казакстан аркылуу Гамбургга жаңы багыт ачылды

Шанхайдан Казакстан аймагы аркылуу Гамбургга темир жол аркылуу жүк жеткирүү. Жаңы каттам боюнча биринчи жүк ташуучу поезд жолго чыкты. Шанхай Экспресс Германиянын шаарына кийим-кече, авто тетиктер, күн батареялары, идиш-аяк, эмерек сыяктуу керектүү буюмдарды жеткирет. Товарлар 40 футтук элүү контейнерге жүктөлдү. Поезд Гамбургга эки аптада келет. Ал Казакстан, Орусия, Беларусь жана Польша аркылуу транзиттен өтүүгө тийиш. Ал кайтарда 4-Кытай Эл аралык Импорт ЭКСПО көргөзмөсүнө катышкан немис компанияларына тиешелүү өнүмдөрдү жүктөө мерчемделүүдө. Шанхай бажысына ылайык, товарлар белгиленген жерге жума сайын келет. Белгилей кетсек, келечекте Кытай-Европа темир жол жүк ташууларынын алкагында кошумча каттамдар ачылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков