Казакстанда салттуу элдик каттоо башталды

Казакстанда салттуу элдик каттоо башталды

Бүгүн өлкөдө Эл каттоо-2021 иш-чарасы алкагында интервьюерлер менен үймө-үй кыдыруу башталды. Азыркы учурда каттоо жүргүзүү үчүн өлкөдө 23 миң адам жумушка алынган. Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде Улуттук статистика бюросунун башчысы Нурболат Айдапкелов билдирди. Анын айтымында, интервьюерлердин жашы 18ден ашкан жана алар Ковид илдетине каршы эмделген.

Нурболат Айдапкелов, РКнын СЖРА Улуттук статистика бюросунун башчысы:

- Онлайн каттоодон 6 миллион 429 миң адам же калктын 33,8 пайызы өттү. Белгилей кетсек, респонденттердин 86 пайыздан ашыгы смартфондор аркылуу каттоодон өткөн. Онлайн эл каттоо боюнча Түркестан облусу алдыда. Облустун 865 миң тургуну каттоодон өткөндүгү тууралуу билдирүү алышкан. Алматы облусунда - 705 миң адам, Чыгыш Казакстан облусу алдыңкы үчтүктү толуктайт. Мында эл каттоонун 612 миң адамы жооп берген. Калкты толук камтуу максатында массалык кыдыруу мезгили башталды. Бул тогуздун айынын 30на чейин созулат.

Ошондой эле, интервьюерлер онлайн каттоодон өткөн жарандардын үйлөрүнө да барышат. Бул учурда, эгерде каттоодон өткөн адам атайын келген билдирүү көрсөтсө, эсепчи өз ишин башка дарек боюнча андан ары улантып кете берет. Белгилей кетсек, үймө-үй кыдыруу учурунда коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо үчүн административдик полиция комитети интервьюерлер менен биргелешип иш алып барышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков