Казакстан менен Сингапур жаңы шаар курат

Казакстан менен Сингапур жаңы шаар курат

Алматы облусунда жаңы G4 City шаары пайда болот. Анын курулушуна Казакстан менен Сингапур биргелешип катышат. Мегаполис Алматы-Капшагай трассасында жайгашмакчы. Ал бизнес жана каржы борбору, медициналык, өндүрүштүк жана логистикалык хаб, туризм жана оюн-зоок сыяктуу төрт тармактан турат. G4 City-ге өзгөчө экономикалык аймак макамы берилет. Эл аралык аэропорт салынып, Сингапурга түз аба каттамдарын ачуу пландары бар. G4 City Борбор Азиянын жаңы экономикалык хабына айланып, Казакстандын экономикасына чет өлкөлүк инвестициялардын андан ары өсүшүнө олуттуу түрткү берери күтүлүүдө.

Вонг Хеанг Файн, «Surbana Jurong Group» башкы мүдүрү:

- Биз бул долбоорго өзгөчө көңүл бурабыз. Ошентип, мында иштөөгө жана жашоого жагымдуу шарттарды түзөбүз. Бул шаарда 2 миллион адамга ылайыкташкан турак жай комплексин курабыз. Биз баарын жумуш менен камсыз кылабыз. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бул долбоорго чоң колдоо көрсөтүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков