Бүгүн Казакстанда радио күнү

Бүгүн Казакстанда радио күнү

Бүгүн Казакстанда радио күнү. Өлкөдө радио уктуруунун тарыхы 1921-жылдын тогуздун айында башталган. Бул тарыхый күндү негизге алып Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев тогуздун айынын 1 - Радио кызматкерлеринин күнү деп жарыялоону сунуштаган. Ошентип, 1921-жылы Оренбургдан обого чыккан Казак радиосуна быйыл 100 жыл толуп олтурат.

Дулат Абибуллаев, QAZAQ RADIOLARY ЖЧК башкы редактору:

- Биздин аудитория абдан кенен. Маалыматты өлкөнүн 90%га жакын аймагына жана коңшу өлкөлөргө таратабыз. Ошондой эле, Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министрлиги атайын жол картасын кабыл алып, радио сигналдарынын диапазонун мындан ары көбөйтүүсү көздөлүүдө.

Жүз жылдыктын урматына радионун тарыхы менен тыгыз байланышкан Алматы, Кызылорда, Шымкент шаарларында жана борбордо «Казак радиосу» көчөсү ачылды. Радионун бүгүнкү уктуруусу Шамши Калдаяков, Абилахат Есбаев, Асет Бейсеуов, Илья Жаканов сыяктуу композиторлордун чыгармаларына арналат. Радиодо ар кайсы жылдарда иштеген башка да адамдардын алтын фондго кирген үндөрү обо толкунунан жаңырмакчы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков