Казакстандык профессорлор Кембридж университетинде дарс окуду

Казакстандык профессорлор Кембридж университетинде дарс окуду

Казакстандык профессорлор Кембридж университетинде дарс окушту. Улуу Британиянын алдыңкы университеттеринен келген мугалимдер, студенттер жана окумуштуулар чогулуп, археолог, профессор Зейнолла Самашев менен Абдеш Толеубаевдин дарсын угушту. Профессорлор биздин заманга чейинки миң жылдыкта азыркы Казакстандын аймагында жашаган байыркы сактардын тарыхы менен маданияты жана дөбөлөрдөн табылган алтын буюмдар тууралуу айтып беришти.

Зейнолла Самашев, тарых илимдеринин доктору, профессор:

- Алар биздин тарыхты туура билишпейт. Жаңы экспонаттарды билбейт. Билишсе дагы, алар советтик доордогу эстеликтер, экспонаттар жана маалыматтарды гана билишет. Ал эми биздин алып келген дүйнөлөрүбүздүн баары, айтып жаткан ойлорубуздун баары кийинки 5-10 жылдагы ачылыштарга негизделген. Андыктан алар үчүн бул абдан кызыктуу.

Абдеш Төлеубаев, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети археология кафедрасынын профессору:

- Жалпысынан алганда, бул сактардын тили, маданиятынын табияты жөнүндөгү аңгемелер болду. Бүгүнкү күнгө чейин бул сактарды индо-иран, индари деп атап келсек, биз алардын байыркы түрктөр экендигин, прототүрктөр экенин далилдеп, баяндап бердик.

«Гибриддик» форматта, башкача айтканда, оффлайн жана онлайн өткөн лекцияга Кембридж студенттери менен кошо дүйнөнүн булуң -бурчунан 200дөн ашык адам катышты. Археология тармагында окуган жана окутуп жүргөн жаш окумуштуулар суроолорду берип, жаңы маалыматтарды алышты.

Кайра Керкер, Кембридж университетинин PhD студенти:

- Ал кезде металл менен иштөөнүн бардык ыкмалары абдан мазмундуу болгон жана бул ыкмалардын Казакстанда таралыш тарыхы да кызыгуучулук туудурган. Менимче, профессорлор илим үчүн абдан маанилүү жумушту аткарып жатышат.

Милена Радивович, UCL университетинин окутуучусу:

- Мен UCL университетинин алдындагы Археологиялык материалдар институтунда лектормун. Бүгүн Лондондон Кембриджге профессорлордун укмуштуудай дарсын угуу үчүн келдим. Бүгүн ошол кездеги байлар кайтыш болгондо аларды аялынын жанына эмес, энеси жана жээндери менен бирге көмүлгөнүн билдим. Мен ал доор жөнүндө дагы да көп нерсени билбестигимди түшүндүм.

Казак окумуштуулары дарстардан тышкары Кембридж университетинин лабораторияларына да барышты. Ал кесиптештерин илимий анализдин ыкмаларын көрүп, тажрыйба алмашууга чакырды. Ошондой эле, университеттин окуу планы менен таанышып, студенттер менен окутуучуларды алмашууга убадалашты. Кембридж университетинин окумуштууларын Казакстанга чакырып, илимий экспедицияга катышуу планы түзүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков