«Jas Nomad» долбоору улуттук баалуулуктарды жандандырат

«Jas Nomad» долбоору улуттук баалуулуктарды жандандырат

Казак элинин улуттук баалуулуктарын жана маданиятын жайылтуу. Мунун алкагында өлкө борборунда Jas Nomad долбоору ишке ашырылууда. Иш-чаралардын комплекси 4 багытты камтыйт. Биринчиси - онлайн сабактар. Мал этин мүчөлөө, анын аталыштары, мейманкана азем-белектери, улуттук тамактары, кийимдери, байыркы оюндары жана түпкү аспаптар тууралуу видео сабактар социалдык тармактарга жүктөлөт. Кийинки этап унутулуп бара жаткан ата-бабалардын кесиптерин жандандырууга багытталган. Кол өнөрчүлүк, карапа идиштерди жасоо жана боз үйлөрдү тигүү боюнча мастер-класстар офлайн форматта уюштурулат. Кошумчалай кетсек, тамыры терең бай маданият, каада-салттар тууралуу тартылган видео-роликтер сынагы жарыяланат. Жакында жаштардын улуттук баалуулуктарга болгон мамилесин аныктоо максатында социалдык тармактарда казак жана орус тилдеринде сурамжылоо жүргүзүү көздөлүүдө. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган билим берүү демилгеси жылдын аягына чейин уланат.

Аян Ерментаев, Нур-Султан шаары акимчилигинин «Астана жастары» жаштар ресурстук борбору башчысынын орун басары:

- Мындай мүмкүнчүлүктөрдү алуу үчүн бизде бул долбоордун алкагында өтө турган бардык иш-чаралар акысыз уюштурулат. Ошондуктан, адамдар тарабынан кызыгуучулук абдан көп. Жаштар эле эмес, улгайган адамдар дагы айылдагы мурунку жашоосун эскерүү үчүн келгендер да бар. Жалпысынан алганда, келечекте биз шаардын тургундарын жана конокторун, жалпысынан эки жарым-үч миң адамды камтыйбыз деп мерчемдеп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков